Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы болуп Нургуль Бакирова шайланды
Бүгүн, 2021-жылдын 22-апрелинде, Жогорку соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымын жана анын орун басарын шайлашты.
Судьялар бир добуштан буга чейин төрайымдын орун басары болуп келген Нургуль Бакированын талапкерлигин төрага кызматына колдошту.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрөганын орун басарлыгына судья Качыке Эсенканов шайланды.