Бишкекте жүргүнчү ташыган эки маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 22-апрелде болжол менен таңкы саат 08:00дө Куттубаев жана Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Кырсыктан эки жаран жаракат алгандыгы айтылууда.

Учурда жеринде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.