Кыргызстанда жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын дагы 380 учуру аныкталып, 5 жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарында 246,

Ошто 14,

Чүйдө 91,

Ошто 5,

Нарында 2,

Ысык-Көлдө 15,

Жалал-Абадда 5,

Баткенде 2 учур катталган.

Коронавирустан  беш адам каза болду. Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарында, ал эми бирөө Чүй облусунда катталган.

2020-жылдын март айынан бери республикада 1 миң 566 адам каза болду.