Мындай пикирин Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазган.

«Курманкул Зулушев  Башкы прокуратуранын репутациясын кыска убакытта оңдоп,  элдин ишенимин пайда кылды.

Бир убакта Башкы Прокурор президенттин саясий оппоненттерин сындырган, бийликке каршы сүйлөгөндүн баарына кылмыш козгоп, сөз эркиндигин чектеген адилетсиз жана жийиркеничтүү органга айланып калган болчу.

Азыр Башкы Прокурордун дарегине жылуу пикирлер айтылып, кылган иштери, кабыл алган чечимдери дагы колдоого алынып жатат.

Курманкул Зулушев  дагы убагында Башкы прокуратура жана бийлик органдарынын адилетсиз чечими,  көрсөтмөсүнө моюн сунбай, кызматынан куугунтукталган.

Азыр дагы ошол акыйткатчылдыгын бийликте туруп жоготкон жок»-дейт ал.

Белгилей кетсек, кечээ 21-апрелде Жогорку Кеңеш Башкы Прокурордун отчетун угуп, жактырышкан.