Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Вакцина Бишкектин “Манас” аэропортуна саат 15:15те келет. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышат.

Вакцинаны жеткирүү президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 24-25-февралында Москва шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдердин алкагында ишке ашырылууда.