«Жер күнүң менен!
Жыл сайын, 22-апрелде, биздин жалпы үйүбүздүн күнү – Эл аралык Жер эне күнү белгиленет! Бул майрамдын негизги максаты – адам менен экосистеманын ортосундагы маанилүү байланышты көрсөтүү, биздин планетанын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана Жерди сактап калуу үчүн туура багытта бара баштоо” – деп жазат өзүнүн инстаграм баракчасына космонавт Олег Артемьев.
“Ушул күндүн урматына, биздин үйгө ыраазычылык иретинде – Жер планетасынын укмуштуу жана кооз сүрөттөрүнүн тандалмасын сиздерге сунуштайм”, – деген.
Эске салсак, космонавт Олег Артемьев Ысык-Көлдүн космостон тартылган тасмасын жарыялаган.
Маалымат катары:
Эл аралык Жер эне күнү Боливиянын демилгеси менен 2009-жылдын 22-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 63-сессиясында жарыяланган. Резолюцияны БУУга мүчө 50дөн ашык мамлекет каржылаган. Иш-чаранын максаты – Жердин жана анын экосистемаларынын жалпы үй экендигине коомчулуктун көңүлүн буруу, жаратылышка кам көрүү болуп саналат.