Эксперт Адилет Маматов президент сунуштап жаткан электр энергиясына
тарифтерди көтөрүү калктын жука катмарын колдоо деп эсептейт.

«Социалдык мамлекеттеги тариф саясаты башка өлкөлөрдөгүдөй эле эске алынууга
тийиш. Анын бир бөлүгүн мамлекет субсидиялоого тийиш, бирок элдин баарын
каржылаганга мамлекеттин алы келбейт. Бирок бизде өз чыгашаларын үнөмдөөгө,
«оптималдаштырууга» умтулуп, такыр эле төлөбөгөнгө көнгөн бай адамдар бар.
Кабыл алынган чечим тарифтерди төлөөгө алы келбеген, электр энергиясын толук
кандуу пайдаланууга чамасы жетпеген адамдарды колдоого багытталган. Булар
кирешеси минималдуу бюджеттен айлык алгандар, аскер кызматчылары, врачтар,
мугалимдер, пенсионерлер, жумушу жоктор.

Биздеги минималдуу кирешенин системасы ар бир үй-бүлө мүчөсүнө аныкталган,
бирок орточо алганда, эгерде үйдө 4 адам – эки бала жана эки чоң киши жашаса,
эки чоң адам гана иштейт. Ошондуктан чогулта келгенде үй-бүлөлүк киреше кээде
үй-бүлөнүн бардык чыгымдарынан ылдый болуп да калат. Тарифти ылдыйлатуу
чарасы мына ушундай катмарды колдоого алат.

Экинчиден, бул калктын жашоосундагы негизги керектөөлөрдү колдоонун
убактылуу чарасы экенин эстен чыгарбоо керек. Байларга айына 200-400 сом ашык
акча маанилүү деле эмес. Кээ бир дептуттар айтып жүргөндөй, алардын түшкү
тамагына эле күнүнө 100 доллар мындай эле кетип калат. Ошондуктан тарифтерди
ылдыйлатуу же жогорулатуу жону жука үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Бул
чара өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша өзгөрүп турушу
мүмкүн экенин түшүнүү керек. Бул мурдагыдай киргизилип, 5-10 жыл тургудай чара
эмес. Ал Кыргызстандагы кырдаалга, биринчи кезекте кыргызстандык орто үйбүлөнүн кирешесинин азайышына же көбөйүшүнө жараша өзгөрүп турушу мүмкүн»,
– дейт эксперт.

Эксперттин айтымында, бул чара энергетика тармагына да инвесторлорду тартууга
өбөлгө түзөт.
«Коммерциялык тарифтерди түзүүдө бизге бирдиктүү энергорынок керек болот.
Азырынча бул бизде түзүлө элек, ошондуктан биз жаңы гидрокубаттуулуктарды
түзүүнү, кичи гидроэнергетиканы өнүктүрүүнү колдоого ала албайбыз, ал эми
жаңыларын куруу абдан кымбатка турат. Инвесторлор бизге келбей жатат. Качан
бирдиктүү энергорынок түзүлгөндө чыгарылган электрэнергиянын ашыгын сатууга,
андан ары керектөөчүгө жеткиргенге мүмкүнчүлүк жаралат. Мындай схема алда
канча натыйжалуу иштейт.

Мисалы Кемин районун алалы. Ал жакта чынында эле тарифтер адегенде
ылдыйлаган, электр энергиясы 24 саат бою болуп турган, бирок көйгөй жаралган –
бааларды киргизилген тарифтерден өйдө көтөрө албай калышкан. Чыгаша
башталгандан кийин кичи ГЭСке акчасын жумшаган инвесторлор менен талаштартыштар уланууда.

Бизде жыл сайын инфляциянын табигый өсүшү болжол менен 5-6%ды түзөт. Ошол
эле маалда энерготармакты кармап турууга чыгаша өсүп, ага кошо жабдуулар
эскирип жатканына карабай, тарифтер көп жылдардан бери ошол бойдон калууда.
Андан кийин биз өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун өстүрүшүбүз керек.
Энергиянын көлөмү бизде көбөйгөн жок, Советтер Союзунун учуруна караганда бир
аз көп, же азыраак энергия чыгарып жатабыз. Бирок электр энергиясын
пайдалануунун структурасы абдан өзгөрдү. Эгерде советтик мезгилде электр
энергиясынын 70%зын фабрика-заводдор колдонсо, азыр 90%зы үй чарбасына
колдонулууда.

Өнөр жайын өнүктүрүү үчүн бизге энергетика тармагына инвестициялар керек.
Мындай тарифтер турганда бизге эч ким келбейт. Башкача айтканда, тарифтерди
жогорулатуу өлкөнүн өнөржай кубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Булак: Абал.кж