Бүгүн, 22-апрелде энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берди. Жыйында министр тарифтердин баасын түшүндүрүп берди.
«Бул тарифтердин баасы август айына чейин коомдук талкууга коюлат. Ар бир жарандын сунушу, көз карашы эске алынат.
1 сом 48 тыйын кайдан келип чыкты? Буга 2020-жылдын энергетикалык компаниялардын чыгашасы, импорттун чыгымдары, ЖЭБде жагылган отундун чыгымдары, карыздын негизги көлөмү кирген жок. Бул азыркы социалдык абалды эске алып эсептелинди.
Эгерде кышта электр энергиясын колдонуу 1000 Кв сааттан ашса, анда экинчи тепкич менен төлөө башталат. Бул убактылуу суунун тартыштыгына байланыштуу болмокчу. Бул тарифтин баасы 2 сом 29 тыйын болмокчу. Буга 2020-жылдын энергетикалык компаниялардын чыгашасы, импорттун чыгымдары, ЖЭБде жагылган отундун чыгымдары, карыздын негизги көлөмү кирди.
Тарифтердин бөлүнүшү:
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, чыныгы муктаждарга 74 тыйын;
Алыскы, тоолуу райондордо жашагандарга (климаттык шарты оор) 1 сом 40 тыйын болмокчу;
Өндүрүш жана айыл чарба тармагындагыларга 2 сом 38 тыйын болот.
Бул баалар гидроэлектростанциянын өздүк наркы менен эсептелди», – деди министр.
Эске салсак, кечээ, 20-апрелде өлкө башчы Садыр
Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Анын сунушу көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, нааразычылык жараткан.