Жарманкени өкмөт жана Айыл чарба министрлиги жума сайын уюштурууда. Бул аптада шаардыктар үч жерден соода кыла алышат.

БИШКЕК, 22-апр. Дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эртең мененки саат 10:00дөн тарта ата мекендик өндүрүшчүлөр продукцияларын элге сунушташат.

Шаардыктар үч жерде уюштурулган жарманкеге бара алышат:

Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгүндө;

12-кичи райондогу Нуркамал Жетикашкаева менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде;

Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Мэрия шаардыктарды санитардык нормаларды, аралыкты сактоо керектигин эске салды.