Султан Каримов: «Президент Садыр Жапаровго материалдык колдоосу үчүн рахматымды айтам»
Бүгүн, 22-апрелде президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев президент Садыр Жапаровдун атынан белгилүү ырчы Султан Каримовго акчалай жардамды тапшырды.
Эске сала кетсек, эл артисти Султан Каримов кант диабетинин биринчи түрү менен катуу ооруп жүргөн.
Кудайберген Базарбаев жана маданият министри Кайрат Иманалиев ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте артисттин үйүнө барып, акчалай жардамды тапшырышкан.
Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө президент Садыр Жапаров ырчынын дарылануусу кандай жүрүп жаткандыгына көз салып, анын абалын ар дайым сурап турарын айтты.
«Президент коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө маданият өкүлдөрүнө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулуп, аларды колдоо ураандардын жана сөздөрдүн деңгээлинде калбашы керектигин айткан. Бүгүн президенттин атынан Султан Каримовго бир жолку материалдык жардамды тапшыруудабыз. Ал кыргыз эстрадасынын өнүгүүсү үчүн зор салым кошкон. Биз Султан Каримовдун тез сакайып кетишине ниет кылабыз», — деди Базарбаев.
Маданият министри Кайрат Иманалиев Султан Каримовдун чыгармалары угуучуларга ар дайым дем-күч берип турарын кошумчалады.
«Сиз кыргыз эстрадасынын түзүүчүлөрүнүн бирисиз. Ырларыңыз азыркы күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок. Эл сиздин кайрадан сахнага кайтып келүүңүздү күтүп жатат. Сиздин тез сакайып кетишиңизди тилейбиз жана узун өмүр каалайбыз», — деди Иманалиев.
Өз кезегинде Султан Каримов саламаттыгы күндөн-күнгө жакшырып баратканын айтты.
«Чын жүрөгүмдөн кыйын убакта мага жана үй-бүлөмө колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргыз элине ыраазымын. Оору акырындык менен артта калууда. Түркияда дарыланып келдим. Президент Садыр Жапаровго материалдык колдоосу үчүн рахматымды айтам. Ошондой эле президент Жапаровдун маданият тармагына көңүл бура баштагандыгына кубанычтамын. Сахнада жүргөнүмө 45 жыл болду, алдыда дагы көптөгөн пландар бар. Жакында ишке киришем» — деди Султан Каримов.
Булак: Кабар.кж