Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, саат 15:30дар чамасында Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 40-чакырымында кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык. Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн “Кумтөр Голд Компани” ЖАК ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, Барскоон айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылган.

Мындан тышкары саат 15:00 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолуну 48-чакырымында болжол менен көлөмү 40.000 м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №11 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.