Бүгүн менин кубанычымда чек жок. Экинчи уулум Мурас менен өзүм да жашоого кайрадан жаралдым. Бирок, кайра жаралууга чейин эки жыл аралыгында эмне деген гана күндөрдү баштан кечирбедик. Мунун баарына баягы анализди алмаштырып алган эжеде күнөө.

Аскерден келип, бир-эки ай айылда атама жардам берип, чөп жыйнашып жүрдүм. Бир күнү өзүмдү жаман сезип, баш ооруп, бир жумадай ооруп калдым. Акыры атам менен апам райондогу ооруканага алып барышты. Ал жерден анализ алышып, эртеси күнү “балаңардын анализинде рак клеткалар бар экен, бирок бул  рак болуп ооруп калды дегендик эмес, азырынча дары ичип турсун, убак өтүп кайра анализ тапшырганы келесиңер” дешти. Атам менен апам ошол күндөн менин көзүмдү карашып, оор жумуш жасатпай, кудум мен жыл айланып өлүп кала тургандай мамиле жасап баштады. Бир күнү атам:

— Балам, эр жетип калдың, үйлөнсөң кантет, — деп калды.

Ойлонуп көрөйүн дегенсип унчукпадым. Атамдын оюн деле билем, мен көкпө жашабасам, артымда туяк калсын деген тилек болчу. А менде, тескерисинче, бирөөгө баш кошуп, балалуу болуп, аларды кантип калтырып кетем деген ой. Кокус мен каза болгондо алган аялым башкага баш кошуп алсачы, балам кандай күн көрөт? Ата-энем деле улгайып калышкан деп ойлодум. Ошентип ой-боюма койбой үйлөндүрдү. Үйлөнгөн күндөн тартып, акырындан келинчегимдин кулагына, мен узакка жашабашымды айтып көндүрө баштагам. Мындай кезде келинчегим, “тамашаңды койчу, экөөбүз алдыда көп неберелүү болобуз”  деп ишеничтүү айта турган.

Күндөр өтүп келинчегим балалуу боло тургандыгыбызды айтты. Бул кабар үйдөгүлөрдүн баарын кубантты. Сыртыман кубанган менен ичимде кан жутуп, баламды көрбөй калсамчы, балким анын эси кирип, ак-караны ажыратып калганда оо дүйнө узап кетсем баламдын көргөн күнү эмне болот? Деген ой санаамды ээлеп алган. Келинчегимдин курсагы күн өткөн сайын чоңоюп баратты. Бир күнү түн ичинде кучактап жатсам курсагы кыймылдап, баламдын тепкилеп жатканын сезип жаттым. Ошол учурда жашоого тойбой, дагы да жашагым келип, келинчегиме байкатпай жаздыкка тамган жашымды сүртүп алдым.

Апам байкуш, улам бир молдо, табыпка алып барып дарылаган болот. Келинчегимдин ай күнү жетип, уулдуу болдук. Төрөт үйүнөн чыгарып келдик. Кудум эле өзүмдү кичирейтип койгондой.  Уулумду карап, колума алган сайын жашоом аз калганын эстеп каңгырып түтөп, аалам тарып кетет. Кээде ойлоп калам, каап ушул адам деген басып-туруп эле акырын ичер суусу түгөнгөн күнү кете бергени жакшы экен. Өлөөрүңдү билип көрөөр күнүң аз калганын сезип жашоодон өткөн азап жок экен. Бир чети, жашоонун ар бир мүнөтүн баалап, кадимкидей уулумдун келечегине кам көрүп баштадым. Аялыма уулума кандай кароо керек экенин, чоңойгондо кайсы спорттун түрүнө берүү керектигин бүт-бүт айтып турам. Кыялымда ак никелүү аялымды башкага баш коштуруп, кең ааламым тарып кетет. Кокус мен каза болуп калсам башкага турмушка чыкпай уулумду кор кылбай чоңойтуусун өтүнөм.

Балам бир жарым жашка чыгып калганда, келинчегим экинчи ирет балалуу болоорубузду айтты. Кубанганымдан көзүмө жаш тегеренди. Ичимден, жок дегенде артымда эки туяк калат экен деген ой жашап жатты.

 

Арадан убакыт өтүп, кайрадан  анализдерди текшертип көрөйүн деп  врачка бардым. Ал мени жылуу тосуп, анализдеримди алып калды.

Ошентип, түн уйкум төрткө бөлүнүп, анализдер кандай чыгат деген ой? Балким оо дүйнөгө кетчү күн жакындап калса керек. Эмнеси болсо да экинчи перзентимди бир жыттап өлсөм арманым жок эле деп тилеп жаттым. Түн ортосунда келинчегимдин онтоп жатканынан ойгондум. Толгоосу башталып калыптыр. Короодо турган унааны жүргүзүп, апамды ойготуп ооруканага жол алдык. Келинчегим таңга жуук төрөдү. Төрөт бөлүмүнөн чыккан ак халатчан акушер айым:

— Сүйүнчү, келинчегиңиз аман-эсен эки бөлөк болуп, 4 кг баатыр төрөдү, — деди.

Апамды кучактап ыйлап жибердим.

— Апа артымда эки туяк, эки мураскерим… калат экен. Атын Мурас деп коебуз, — дедим.

Мага кошулуп апам да ыйлап жатты. Күн аркан бою көтөрүлүп калганда үйгө келип уктап кетиптирмин. Телефонго келген чакыруудан ойгондум. Карасам мени караган врач экен. Жүрөгүм шуу дей түштү, алгым келген жок. Эмнеси болсо да ушунча болду башка салганын көрөм дедим да:

— Алло, алло эже … саламатчылык, ооба мен, — дедим. Телофондон чыккан үн “келип кетиниз” деди.

Моюнума оор жүк артылгансып араң бардым врачка. Эшигин такылдатсам ичинен “кириңиз”  деген үн чыкты.

— Келдиңизби, келиңиз бул жакка отуруңуз, сиздин анализдериңиз келди, — деп столунан барактарды алып чыгып жатты.

Мен аларды угууга деле ашыккан жокмун.

— Сиз бизди туура түшөнүсүз деген ойдомун. Биздин жумушта ар кандай жагдайлар болуп турат. Биринчи анализиңизде рактын клеткалары бар эле. Бирок алар жок болуп кетиши ыктымал дегенбиз. Сиздин анан дагы бир пациенттин анализдерин Алма-Атага жиберген элек, ал жакта экөөңүздөрдүн анализиңиздер алмашып кетиптир. Тилекке каршы экинчи пациенттин абалы оор болууда. Ошол алмашып кеткенде сиздин таза чыккан анализиңиз а кишиге кетип калган экен. Биз дарыланууну өзгөрткөн элек.  Көрсө сиздин анализдериңиз таза чыккан экен, — десе болобу.

Уккан кулагыма ишенбей, нес болуп туруп, анан бир кезде өзүмө келип:

— Чоң кыз, дал ошол силердин алмаштырган анализиңерден мен кандай гана азап тартым. Мындан чыкты менде таптакыр ооруу жок ошондойбу?, — деп кайрылдым.

— Ооба байке ошондой. Бул эми бизде эмес, Алма-Атадан алмашып жатпайбы. Туура түшүнүңүз. Кечирим сурайбыз, — деди.

Отурган ордумдан атып турдум да түз эле төрөтканага келинчегиме жөнөдүм. Жол катар бир ирет кубанып, жаңы төрөлгөндөй болсом, экинчи жагынан эки жылдагы азаптар  көз алдыма тартылып, жаагымдан ылдый жаш куюлуп баратты…

 

Автор  Жазгүл Баяналиева


Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн
.