22-23-апрелге белгиленген «Чек ара аймактарын интеграциялоо -өнүгүүнүн кепилдиги» аталышындагы,Кыргызстандын Баткен,Өзбекстандын Фергана,Тажикстандын Согди облустарынын биргелешкен форуму, Фергана шаарында өтүүдө. Бул тууралуу,    Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Форум Баткен-Фергана,Согди облустарынын башчыларынын расмий жолугушуусу менен башталды.Облус башчылары чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу,кошуна элдердин карым катнашын бекемдөө,облустар аралык ар тараптуу кызматташууларды жандантууну макулдашышты.Жолугушууга үч облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Андан соң инвестициялык байланыштарды чыңдоону максат кылган «Чек ара аймактарын интеграциялоо-өнүгүүнүн кепилдиги»аталышындагы форумдун салтанаттуу ачылышы болду. Анда облус башчылары сөз сүйлөп, ар бири, аймактын инвестициалык потенциалына кенири токтолуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.Жетекчилер айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү,экспорттоо, өнөр жай,курулуш тармактары боюнча  кызматташуу максаттарын билдиришти.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев,»чек ара- картада гана болушу керек,жашообузда кошуна элдер,ынтымакта жашап, бакубат турмуш кечирүүгө татыктуу, ал эми бүгүнкү өтүп жаткан форум, чектеш облустун ишкерлери үчүн зор мүмкүнчүлүк, алдыдагы кызматташуу алакаларды бекемдээрине ишенем» деди.

Фергана жана Согди облустарынын башчылары да Өмүрбек Суваналиевдин сөзүн кубаттап, бүгүнкү аянтчадан пайдаланып, ишкерлер бизнес өнөктөштөрдү таап, соода- экономикалык байланыштарды чыңдоо зарылдыгын айтышты.Ошол эле учурда бул форум менен олус башчылары ишкерлерге таанышуу мүмкүнчүлүгүн эле түзбөстөн,алдыда ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн билдиришти.

Иш чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай району  менен Өзбекстандын Фергана районунун ортосунда  кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюлду.Форумдун алкагында Фергана облусундагы айыл чарба,өнөр жай,жеңил өнөр жай ишканаларында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү болду.Бул күнү облус башчылары,үч облустан чогулган бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен Фергана облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Үч облустун ишкерлери жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,кызматташуу пландарын талкуулап,айрымдары келишим түзүүгө жетишишти.Форум бүгүн 23-апрелде да уланууда.Алдыда үч облустун бийлик өкүлдөрү жана ишкерлери,тармактар боюнча кызматташууну  бышыкташат.Белгилей кетсек 2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстандын  Ташкент шаарында Баткен-Фергана облустарынын башчылары кызматташуу боюнча 22 пункттан турган бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.Ал эми 17-18-мартта Тажикстандын Гулистан шаарында Баткен-Согди облустарынын башчылары кызматташуу боюнча  10 пункттан турган протоколго кол коюшкан.