Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын инспектору мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендиги боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан ээлеген кызмат орундарына карабастан, мамлекеттик бийликтин бардык жогорку кызмат адамдарындагы коррупцияны жоюу жана кылмыш көрүнүштөрүнө бөгөт коюу боюнча системалуу иштер улантылууда.

2021-жылдын 21-апрелинде улуттук коопсуздук органы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МБК Түштүк-Батыш бажысынын инспектору «Э.И.С.» кармалды.

Такталгандай, кармалган «Э.И.С.» жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасына ар кандай эл керектөөлөрүнө керек товарларды импорттоо жолу менен алектенишип, импорттолгон жүктөргө бажы төлөмдөрүсүз бажы процедураларын жүргүзгөн. Мындан улам млекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалган Бажы талаптарын сактоо тобунун инспектору «Э.И.С.» КР УКМК Ош областык жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул факт боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.