Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеӊешинин президиумунун отуруму болуп, анда коомубузда акыркы кездери орун алып жаткан көрүнүштөргө саресеп салып, анын жыйынтыгы мамлекетибизге кандай терс залакасын тийгизери боюнча ойлорун билдиргенбиз.

Өлкөбүздүн ичинде ызы-чуулукту, тартип бузуучулукту салып, мыйзамды сыйлабай, улуу-кичүүнү урматтабай, баш-аламандуулукту, кыйкырыкты айрым жарандарыбыз “демократия”  деп эсептейт экен. Демократия, бул биринчи иретте тартиптүүлүк, мыйзамдуулук болуп эсептелинет.

Элибизде айтылгандай:              «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» демекчи, айрым уул-кыздарыбыз, өзгөчө  бей өкмөт уюмдарда иштешкен мекендештерибиз, өздөрүнүн «кожоюндарынын» кызыкчылыгында иштеп, өлкөбүздү баш аламандыкка жетелеп, чет өлкөнүн «доллары» менен «евросуна» алданып, эл арасында адам укугуна жамынып алып, бүлүк салып, жүргөндөр көбөйдү. Ушундай кесепеттерден улам, мамлекетибиздин экономикасына терс залакасын тийгизип, аны аябай артта калтырууда.

Ошондуктан, кыргыз элинин өзүнүн мамлекеттүүлүгү бар болгондуктан, чет жакты карабай, өзүбүздүн Жогорку Кеӊешке, Президентке, сот бийлигине кайрылабыз. Бейөкмөт уюмдар боюнча катуу чара көрө турган мыйзамдарын кабыл алып,  алардын каржылоо жагы кайдан келип жаткандыгы, кандай максатта жумшалып жаткандагын көзөмөлдөө мезгили келди.

Бизде адам укугун коргогон канча деген мамлекеттик органдар жана Акыйкатчы институттары  бар. Булар эмне жетишпейби? Же жалгыз эле Бейөкмөт уюмдары бул багытта иш алып барып жатышабы? Алар, бүлүк салгандан башка эмне кылып жатышат?

– Бир эле мисалды айта кетейин, 15-апрелде ИИМдин астына 30-40 кишини чогултуп алып, жаңы иштеп жаткан министрди ишинди таштап кет деген талаптарды койду. Муну биз, коомубуздун арасында дестабилдештирүу максатындагы аракеттер деп эсептейбиз.

Турусбек Ашымов  милициянын ардагери