2021-жылдын 21-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Нуржан Адылова, ИИМдин КККнын Жашы жете электер арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкери Дина Жакешова, Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору Канатбек Ажыматов    Ысык-Ата, Москва жана Жайыл  райондорундагы мектептердин, гимназиялардын  мугалимдерине, окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Алсак, мектеп-гимназиялардын жогорку классынын окуучуларына, мугалимдерине жана социалдык кызматкерлерге үй-бүлөдөгү жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу, жашы жете электердин никеге туруусун болтурбоо боюнча лекция окулду. Иш-чарада окуучулар үчүн даярдарган социалдык роликтер көргөзүлүп, жолугушуу суроо-жооп ирээтинде өттү. Окуучуларга эрте никеге туруунун терс жактары айтылып, ал үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганы белгиленди. Үй-бүлөдө өспүрүмдөргө карата зомбулуктарды алдын алуу үчүн ар бир окуучу, жанындагы өспүрүмдүн жүрүм-турумуна кайдыгер карабай, эгерде өспүрүмдө зомбулуктан жапа чеккен кандайдыр бир шек санаган жүрүм-туруму байкалса,  ал тууралуу мектеп мугалимине, социалдык кызматкерге же болбосо жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторуна билдирүүсү зарыл экендиги эскертилип, мындай аракеттер жаш өспүрүмдөгө болгон зомбулукту алдын алууга кошкон салымы болоору белгиленди.

Мектеп окуучулары лекция учурунда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп, зомбулуктарды алдын алуу үчүн өз пикирлери менен бөлүшүштү.

Ошондой эле Ысык-Ата РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында кызматкерлерге лекция окулуп, аларга колдонмолор таркатылды. Бүгүнкү күнү жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун негизги багыттарынын бири алдын алуу жумуштарын тынымсыз жүргүзүү болгондуктан, бул багытта жумуштарды күчөтүү тапшырмалары берилди.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы