2021-жылдын 23-апрель күнү  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Музейинде милиция кызматкерлеринин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы ыйгарылды.

Иш-чарага ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев катышып, сыйлык ээлерине медалдарды тапшырды. Тапшырып жатып, медалдын мааниси жана келип чыгуу тарыхы менен тааныштырып, ары татаал, ары кооптуу кесип ээлерин колдоп, тирек болуп келгени үчүн терең ыраазычылыгын билдирдип, төмөнкүлөргө токтолду. «Бизден талыкпас эмгекти талап кылган кызматыбызды түшүнүп, колдоп, жаныбызда тирек болгонуңуздар үчүн ушул даражага жеттик. Сиздерге деген ыраазычылыгыбызды билдирүү иретинде ардагерлер кеңеши, атайын ушул медалды иштеп чыкканбыз. Медалда аруулукту, токчулукту, жана бейпилдикти, Ысык-Көлдөй кеңдикти билдирген символдор камтылган. Биз менен кошо үзүрлүү эмгек кылып, үйдүн куту, биздин тирегибиз болгонуңуздар үчүн чоң рахмат!»

«Офицердин жубайы» медалын көп жылдардан бери абийирдүү  кызмат өтөп келе жаткан ИИМдин кызматкерлеринин жубайлары Чолпон Мотошовага, Айзада Кадыржановага, Мира Мурзабаевага, Жазгуль Камбаралиевага, Наргүль Осмоналиевага ыйгарылды. Сөз кезегинде сыйлык ээлери көңүл буруп, эмгекти баалаганы үчүн уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.

ИИМдин Басма сөз кызматы