Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев бүгүн, 23-апрелде, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарага өлкөнүн чыгармачыл бирикмелеринин жетекчилери катышты: Архитекторлор союзунан — Бейсен Кариев, Жазуучулар союзунан — Нурланбек Калыбеков, Журналисттер союзунан — Абдыкадыр Султанбаев, Кинематографисттер союзунан — Айбек Дайырбеков, Композиторлор союзунан — Турдубек Чокиев, Музыка ишмерлери союзунан — Түгөлбай Казаков, Сүрөтчүлөр союзунан — Таалай Усубалиев, Театр ишмерлери союзунан — Жаныш Кулмамбетов, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов, Кыргыз Эл акыны Светлана Суслова.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында чыгармачыл уюмдардын ишмердиги тууралуу пикир алмашуу болуп, мамлекеттик колдоо маселелери жана өнүгүүнүн кыргыз моделин түзүүдө чыгармачылык менен искусствонун ролу талкууланды.

Кудайберген Базарбаев адеп-ахлактык баалуулуктар жөнүндө Жарлыктын маанисине токтолуп, баалуулуктарды бапестөө менен учурдагы чакырыктарга каршы элдин руханий байлыгын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоого мүмкүн болорун кошумчалады.

Учурда Президенттин аппараты тарабынан Концепция иштелип жатканын, анда Жарлыктагы сунуштарды жана принциптерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы толук берилерин маалымдады.

Чыгармачыл бирикмелердин жетекчилери «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлык өз убагында чыкканын жана анын зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле Президенттин Аппараты тарабынан иштелип жаткан Концепцияга толуктоолорду киргизүү боюнча алардын ой-пикирлери жана сунуштары эске алына турган болду.

Тагыраак айтканда, «Манас» эпосун кеңири жайылтуу жана «Манастын» негизинде адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктарды чыңдоо, чыгармачыл бирикмелердин статусун көтөрүү жана алардын материалдык-каржылык абалын жакшыртуу, мамлекеттик буюртманы ишке ашыруу, “Эл» наамына ээ болгон чыгармачыл ишмерлердин жеңилдиктерин кайтаруу, маданият чөйрөсүн өнүктүрүү жана башка көптөгөн сунуштар айтылды.

Катышуучулар мындан ары дагы ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу зарылдыгын белгилешти.