«Дүйнөгө белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин ысымы жана жаркын элеси, калтырган эмгеги кыргыз эли барда, кыргыз музыкасы барда эч качан унутулбайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдагандай, мамлекет башчысынын сөзүндө мындай деп айтылат:

«Урматтуу кыргызстандыктар, кадырлуу коноктор, маданият, искусство кызматкерлери жана

Б. Миңжылкыев атындагы опера искусствосунун эл аралык фестивалынын катышуучулары!

Бүгүн баарыбыз кыргыздын ырын, обонун классикалык өңүттө ааламга тааныткан улуу инсаныбыз, залкар опера ырчысы, таланттардын алтаны, ыр дүйнөсүнүн

XX кылымдагы корифейлеринин бири, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыкалык өнөрүнө үзүрлүү эмгек өтөп, ченемсиз из калтырып кеткен улуу инсан Болот Абдуллаевич Миңжылкыевдин

80 жылдык мааракесин белгилөө үчүн чогулуп, улуу инсандын бейнесине арналган Б. Миңжылкыев атындагы Опера искусствосунун эл аралык фестивалына катышып отурабыз.

Болот Абдуллаевич чыгармачылык өмүрүндө түрдүү темадагы чыгармаларды чеберчилик менен аткарып, кыргыз операсын түптөп, өнүктүрүүгө зор салым кошуп кеткен.

Алгач Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын студиясынан, андан кийин Өзбекстандагы Ташкент консерваториясынан билим алган. Ала-Тоонун уулу дүйнө элин аралап, мукам үнү менен далайларды таң калтырган.

Болот агабыз операнын мекени болгон Италиянын Милан театрында тажрыйба алмашуу максатында иштеп, Кыргызстандагы опера жаатындагы мыкты даярдыкты көрсөтүп, кыргыз элинин атагын алыскы элдерге таанытты.

Болот Миңжылкыевдин өмүрү жана эл үчүн аткарган кызматы — баарыбызга үлгү. Чыгармачылык менен бирге эле коомдук-саясий жаатта өзүн ар тараптуу адис, билимдүү адам катары татыктуу көрсөтүп, саясий чечим кабыл алууга да катышкан. Мисалы, СССРдин Жогорку Советинин

10-чакырылышынын жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 1975-жылдагы чакырылышынын депутаты болгондугу — биз үчүн чоң сыймык!

Талыкпаган эмгеги менен жаш кезинен эле жогорку сыйлыктарга ээ болгон. Ырчы 31 жашында Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 33 жашында Эл артисти, ал эми 36 жашында СССРдин Эл артисти наамын алгандыгы өсүп келе жаткан жаш муун үчүн чоң сабак болот деп ишенем.

Дүйнөлүк опера искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон кыргыздын сыймыктуу уулу Болот Миңжылкыевге арналган музей 1998-жылы Россия Федерациясынын

Санкт-Петербург шаарындагы белгилүү Мария атындагы (Мариинский) театрда жана Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында ачылган. Мындан сырткары, анын ысымы Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине берилген.

Болот Миңжылкыев эл аралык деңгээлдеги атактуу классик композиторлордун ырларынын, романстарынын ажарын ача аткаруу менен бирге кыргыз композиторлорунун, обончуларынын түрдүү мазмундагы лирикалык, патриоттук ырларын да жогорку чеберчиликте аткарып, кыргыз операсына жаркын өмүр жаратып кетти.

Кылымда бир келген аалам ырчысы Болот Абдуллаевичтин ысымы жана жаркын элеси, калтырган эмгеги эли барда, кыргыз музыкасы барда эч качан унутулбай, бийик сыймык менен ар дайым куттуу сахналарда айтылып, өлкөбүздүн тарыхында алтын тамга менен жазылып калат деп ишенимдүү айта аламын»!