26-апрелде саат 9:00 — 20:00 аралыгында Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу жок болот. Бул тууралуу  мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу жайкыга карата оңдоо иштери менен байланыштуу,  дүйшөмбү күнү Фрунзе, Күрөңкеев, Абдрахманов жана Жаш Гвардия бульвары менен чектешкен аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат.