Саясат
БШК Бишкек АШКнын чечимин колдоду: КЭДП шайлоодон четтетилди
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилишин колдоду. Чечим кечээ, 23-апрелде кабыл алынды. БШКнын 11 мүчөсүнүн экөө гана каршы добуш берсе, калгандары партияны жарыштан четтетүү чечимин колдошкон.
КЭДП өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими тууралуу сотко даттануу ниетин билдиришти.
Белгилей кетсек, 19-апрелге караган түнү Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен
КЭДП шайлоо күнү үгүт жүргүзгөндүгү, шайлоочуларга пара бергендиги жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо процедурасын бузгандыгы үчүн мандат алуу укугунан ажыратуу чечимин кабыл алган.