Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 325 адамдан аныкталып, 5 жаран каза болду. Ошондой эле, 163 бейтап илдетти жеңип чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын ичинен:
Бишкек — 194;
Ош шаары — 2;
Чүй облусу – 90;
Ош облусу — 6;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу – 20;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу — 1.
Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 93 миң 603кө жетти.
Акыркы суткада илдеттен 5 жаран каза болду. Алардын төртөөсү Бишкек шаарында катталса, бир бейтап Ысык-Көл облусунда катталган.