Ысык-Көл районунда “Менин милициям мени коргойт жана кылмыштуулукка каршыбыз” аттуу спорт оюндары боюнча эстафета өткөрүлдү. Иш-чарага Х. Жээнбеков атындагы мектеп-лицейинин 8-9-10-класстын окуучулары катышып, курамында 10 баладан турган 7 команда түзүлүп оюнга ат салышты. Биринчи этабында командалар арасында саламдашуу жана эмблемаларын жактоо, флешмоб көрсөтүлдү. 

Спорт оюндарынын ичинен аркан тартыш, эстафета боюнча мелдешишип, балдар, кыздар арасында өзүнүн  активдүлүүлүгү жана  формаларынын өзгөчөлүгү менен дилгирлүү катышкан

Х. Жээнбеков атындагы мектеп-лицейинин 9 “а”-классынын окуучулары баш байгени  багындырды.

Биринчи орунду ушул эле мектеп-лицейинин 10 “г”-классынын окуучулары ээледи.

Экинчи орунду ушул эле мектеп-лицейинин 9- “б” классынын окуучулары алды.

Үчүнчү орунду  ушул эле мектептин 9-“а” классынын  окуучулары ээлеп,  Ысык-Көл РИИБдин начальнигинин “Кубогу” жана алкыш грамоталары,  сыйлуу белектери менен сыйланышты. Андан тышкары Ысык-Көл РИИБдин жашы жете электер менен иштөө боюнча  инспекциясы менен биргеликте, жаш өспүрүмдөр арасындагы  укук бузуулар менен күрөшүүдө,  алдын алууда жана  коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытында кошкон салымы үчүн Ысык-Көл районунун Бостери айылынын Х. Жээнбеков мектеп-лицейинин директору Ж.М. Сулайманов,  ошондой эле Бостери айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж.Токтокожоева, ушул эле мектептин соц. мугалими Г. Молдоева  жана дене тарбия мугалими Ж. Тукеев  ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы