Баткенде кыргыз-тажик чек арасына жакын жерден жоголуп кеткен эки кыргызстандык баланы издөө иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.

Бүгүн, 24-апрелде, соцтармакка видео тарады. Анда Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын жашоочусу кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан цехте иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканы тартылган. Аял балдарынын биринин уюлдук телефону жаткан жеринде калганын, бут кийимдеринде кандын тагы бар экенин айткан.

Бердигулованын айтымында, өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустук күч түзүмдөрүнө чек арада катталган окуя боюнча балдарды издөө тапшырмасын берди. Учурда Лейлек району менен чектешкен Тажикстандын Гафуров районунун күч түзүмдөрүнө кат жолдонду.

«Дайынсыз болуп жаткан балдар 19 жана 21 жаштагы Эски-Оочу айылынын жашоочулары экендиги аныкталды. Алардын биринин кол телефону алар түнөгөн чатырда калган», — деди Бердигулова.

Ал кошумчалагандай, экинчи баланын кол телефону өзү менен кошо болушу мүмкүн. Ошондуктан күч түзүмдөрү аларды аппараттын номери аркылуу дагы издеп жатышат.

Булак: Спутник кж