Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Эски-Оочу айылында жоголгон эки бала Тажикстандан табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан кабарлады.

 Лейлек районунун Бешкент айылынын Эски-Оочу айылынын тургундары 2002-жылы туулган Ашрапов Дастан Абибиллаевич жана 2000-жылы туулган Каныбек уулу Кубатбек курулуш иштерин жүргүзүп, ошол курулуш материалдарын кайтарып жатуу максатында курулуш болуп жаткан жерге келип түнөшкөн.

Эртеси, башкача айтканда 24-апрель күнү эрте мененки тамактанууга Ашрапов Дастанбек менен Каныбек уулу Кубатбек үйлөрүнө барган эмес.

Бул факты Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси (Киши уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Соттук өндүрүш иштин алкагында Лейлек РИИБ тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, ыкчам иликтөө иштери жүрүп баштаган.

Кыргыз-таджик бийлик органдарынын сүйлөшүүсүнүн негизинде жоголгон Ашрапов Дастанбек, Каныбек уулу Кубатбек жана аларга кошо 6 кыргыз жаранын ТРнын чек ара кызматы КР чек ара кызматына өткөрүп берген.

Лейлек РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Ашрапов Дастанбек менен Каныбек уулу Кубатбектин денелеринен алган жараатынын канчалык оордугун аныктоо боюнча тиешелүү эскпертизалар дайындалып, жакындарына өткөрүлүп берилди.