Баткен областынын тургуну, Баткен областтык администрациясынын аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Максат Дыйканов кыргыз-тажик мамилесиндеги чек ара аймактары боюнча маселеде эки тараптуу сын айтышуунун кереги жок, анткени түзүлгөн кырдаал убактылуу деп эсептейт.

«Акыркы убактарда Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министринен тартып айрым оппозициячыларына чейинки айрым тажик досторубуз Кыргызстан сунуштаган ыктымалдуу аймактык алмашууларды абдан кабатырлануу менен кабыл алышууда. Бул болгону кыргыз тараптын сунушу болчу, мындай сунушту тажик тарап деле бере алмак.

Биздин сунушка тажик тарап макул болуп же баш тартып коё алмак, болгон кеп ушул. Маселелер да чечилип калмак. Ошондуктан жумурткадан кыр издеп, кастыкты күчөтүү үчүн эки элдин ортосундагы мамилени курчута берүүнүн кереги жок ойлойм.

Совет доорунда биз, биздин аталарыбыз, чоң аталарыбыз, бабаларыбыз кошуналар менен ынтымакта жашап келишкенин, базарыбыз бир болгонун, сууну, жайыттарды чогуу пайдаланып келгенин жакшы билебиз. Биз азыр деле ошондой ынтымакта жашай берсек болбойбу? Бүгүнкү мамилелер баары убактылуу. Ошондуктан каны кызууларга эскертпи коерум биздин мамилелер эртең эле калыбына келип мурдагыдай болуп кетерин унутпагыла демекчимин.

Ооба, чек ара маселелери дайыма болуп келген, мындан ары да боло берет, бирок келгиле, аларды чечүүнү биздин өлкөлөр тарабынан түзүлгөн эки комиссияга коелу, бул маселе менен ошолор алектенүүдө. Ар кандай чек ара маселеси башка тараптын макулдугусуз чечилбейт, ортодо эки тараптан тең макулдашуу болуп, ага эки тарап тең кол коёт жана аны эки өлкөнүн парламенти ратификациядан өткөрөт. Мына ошондо маселе толугу менен чечилет.

Келгиле, кошуна мамлекеттердин жетекчилерин сындабайлы. Биз демократиялуу өлкөбүз, өзүбүздүн бийликти ачык сынга алып, анын кемчиликтерин көрсөтө алабыз. Эгерде кимдир бирөөнү сындагыңыздар келсе, үйдө отуруп алып сындай бериңиздер. Мунун бизге тиешеси жок.

Биздин жетекчилерге акаарат келтирбөөнү суранат элем. Өзүнүн жетекчилерин эл шайлайт, демек, ал жетекчилерге айтылган сын конкреттүү элдин дарегине айтылат. Эгерде сын элге айтылса, анда ал өлкө жетекчилерине айтылган сын болуп эсептелет.

Жарандык согуш болгон учурда биз биринчилерден болуп жардам колубузду сунганыбызды, каршылашкан эки тараптын ортосундагы тынчтыкка жана ынтымакка жетишкенибизди унутпасаңыздар экен. Каны кызууларга, биздин ынтымактуу мамилени     унутпоону эскертээр элем. Эгерде атаандашсак, келиңиздер анда спортто, маданий иш-чараларда гана атаандашалы.

Чек ара тилкелериндеги маселелер эртедир кечтир чечилет, кайрадан ортобузда ынтымак орнойт. Өз ара пайдалуу мамиледен эч ким уттурган эмес. Касташуудан, бирин бири коркутуудан эч ким уткан эмес. Бул эч качан жакшылыкка алып келбейт.

Ошондуктан кут төгүлгөн рамазан айында бири бирибизге сабырдуу, көтөрүмдүү бололу, бири бирибизди урматтайлы. Биз мусулман бир туугандарбыз, тутунган динибиз бир. Мен ортобузда дайыма ынтымак-ырыс, тынчылык жана өз ара түшүнүшүү  болуусун каалаймын», — дейт Максат Дыйканов.

 

Булак: Rakurs.kg