23-апрелден бери Баткен шаарында өткөрүлүп жаткан «Салттуу музыка жумалыгы» жана «Достук» фестивалынын үчүнчү күнү, улуттук кийимдер парады менен башталып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен уланды.
 
Андан соң фестивалдын Гала-Концерти башталып, ага КРнын Маданият маалымат жана туризм министри Кайрат Иманалиев жана КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев катышып, бир катар маданият кызматкерлерине министрликтин жана облустук өкүлчүлүктүн сыйлыктарын ыйгарышты.
Аталган фестиваль үч күнгө созулуп, маданият жана искусство өкүлдөрү, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, Манасчылык, дастанчылык жана акындык өнөр, аваздык-аспапчылык, кол өнөрчүлүк багыттары боюнча таланттарын тартуулашууда.
Белгилей кетсек фестивалга кошуна Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин да маданият өкүлдөрү да катышууда.
Бул күнү облус башчысы Омурбек Суваналиев, министр Кайрат Иманалиев менен жолугушуп, облус аймагындагы маданият мекемелеринин абалы, материалдык техникалык базасын чыңдоо, бул тармакты өнүктүрүү үчүн ар тараптуу колдоолорду корсөтүү менен, тыгыз иш алып барууну макулдашышты.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы