Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиев көзү өткүчө калкыбыздын кадырман инсаны катары нарктуу жашап өттү. Кыргыз драматургиясына из салып, театр искусствосун бийиктикке сүрөп, улут келечеги үчүн өмүрүн арнады.

Улутубуздун улуу мурасын даңазалап Манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк өнөрдү Юнеского «дүйнөлүк оозеки мурастын шедеври» деп каттатып баа жеткис эмгек арнаган. Залкар агабыз ушул жылы 85 жашка толгондо Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров мейманга чакырып, куттуктап, сый урматын көрсөткөн. Бексултан агай өзү түзгөн «Манас» эпосунун кысылган вариантын президентке белекке берип жатып, улутубуздун маданиятын сактоо тууралуу кеп кеңештери менен бөлүшкөн. Садыр Нургожоевич коомубуз ар дайым Бексултан Жакиевдей акылман адамдардан үлгү, сабак алаарын айтып, жакшы каалоо тилектер менен узаткан эле. Эми мынтип эсил инсандан ажырап турган чагыбыз. Жаткан жериңиз жайлуу топурагыңыз торко болсун. Сиздин жаркын элесиңиз элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат.