Баткен облусунун Лейлек районундагы Козу-Баглан суусуна Ак-Тоок суу сактагычын куруу пландалууда. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 25-апрелде Өзгөн районунун эли менен Куршаб айыл өкмөтүндө өткөн жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, азырынча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок, Баткен облусунда мамлекеттик чек ара маселеси чечилбей жатат. .

Баткендеги чек ара маселесин чечүүгө байланыштуу ири долбоорлор пландалып жатканын айтты. Анын бири Козу-Баглан суусуна курулуучу Ак-Тоок суу сактагычы.

«Лейлек районунун Бешкент айыл аймагына, Ак-Тоок участкасына суу сактагыч куралы деп жатабыз. Тажикстандын Хожент жана Гафуров шаарларына ичүүчү суу 100% бизден барат. Биздин суубуздун бардыгы ошол жакка кетет. Бирок өзүбүздүн талаалар куурап жатат. Бул маселе боюнча биз өкмөт менен жолугуп талкууладык. Долбоорду бир жылдын ичинде ишке ашырууга болот», — деди Ташиев.

Ташиевдин айтымында, суу сактагычты куруу долбоорун ишке ашырууга буга чейин каражат бөлүнгөн, бирок каражаттын суммасын атаган жок. Суу сактагычты куруу кийинки жылы башталарын кошумчалады.