Режиссер Артыкбай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы “КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” наамында “Ника” сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынан билдиришти.

“Ника” сыйлыгы кинематография жаатындагы, анын ичинде илимий жетишкендиктер жана улуттук кинонун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн берилген кесипкөй кинематографиялык сыйлык катары Россиянын кинематографиялык академиясы тарабынан негизделген.

“Шамбала” тасмасы Ч.Айтматовдун “Ак кеме” романынын негизинде тартылган.