Президент Садыр Жапаров жер жана энергетика маселеси боюнча Телеграм каналына билдирүү таратты. Өлкө башчысы анда, эч кандай жерлер берилген жок, жерлер алмашуу жолу менен гана учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.

«Акыркы учурда саясий чайкоочулар өздөрүнүн жеке максаттары жана кызыкчылыктары үчүн, ар-кандай туура эмес “жалган” маалыматтар менен социалдык тармактардан бузукулук чакырыктарды таштап элдин башын айландырууда.

Билсеңиздер, эч кандай жерлер берилген жок, жерлер алмашуу жолу менен гана учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Элдин макулдугу, эл менен жолугушуу, кеңешүү, түшүндүрүү иштери тыгыз жүрүп атат.

Президент элден качып жашынып жаткан жери жок, күнү-түнү иштеп эл үчүн ак кызматын кылып атат.

Мамлекетибиз эң кыйын кризистик абал учурда 2 ай мурун жаңы президент Садыр Жапаров көпчүлүк элдин тандоосу менен шайланып келди, андан көп өтпөй көптөгөн иштер аткарылды, эң көйгөйлүү маселе болгон чек ара маселеси эле, аны да өз убагында чечүү керектигин терең түшүнүп, туура чечүүгө 100 пайыз бел байлады. Туура, мындай оор маселени чечүүдө сөзсүз түрдө кыйынчылыктар болбой койбойт, эң негизгиси Кыргыз мамлеке өзүнүн жерлерин жөн жай гана кошуна өлкөлөргө белекке берип салбайт.

Чечкиндүү кадамдар, туура чечимдер, акыркы 15 жылда топтолгон оор энергетикалык кризисти жеңип чыгат. Туура түшүнүү менен, коркпостон чечкиндүү реформаларга элибиз даяр болушу керек.

Туура түшүнүңүздөр, бай-кедейге бөлгөн эч ким жок, болгону мүмкүнчүлүгү бар, жашоо-шарты жакшы, жетиштүү үй-бүлөлөр аз камсыз болгон жарандарыбызга жеңилдиктерди түзүп, ал арада мамлекеттин кризистик абалын да чогу жеңип чыгуу мамлекеттин реформалуу багыты деп билели», — деп жазылат.