«1916-жылдагы элдик көтөрүлүш. Берикбай Атаке уулу» аттуу китеп тарыхчы
Алмазбек Шергазиевдин калемине таандык.
Чыгарма XIX жана XX кылымдардын башында Ысык-Көл облусунун Тосор айылында жашап өткөн 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылынын жетекчилеринин бири Берикбай Атаке уулуна арналган.
Анда санжыра, тарыхый жана архивдик маалыматтар салыштырылган. Берикбай Атаке уулунун жашап өткөн мезгили чагылдырылган.
1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүшү кандуу басылган соң, орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.
Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган.
Совет учурунда, өзгөчө 1950–1980-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматтарды жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга калыс баа берилген эмес.
Тарыхтагы кандуу окуялар тууралуу буга чейин бир нече китептер чыккан. 2017-жылы
«Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган.
Үркүн окуялары Кыргызстанда 7–8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.