Акыркы күндөрү Индияда коронавируска байланыштуу кырдаал өтө оор деп бааланууда. Индия илдетке чалдыккандардын жана каза болгондордун саны боюнча бардык рекорддорду жаңылады. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумуна абалды көзөмөлдөө татаал болууда, керектүү дары-дармектер жетишпей, ооруканалардагы орундар жок болууда.

Фото: Reuters

Коронавирустун айынан каза болгон адамдардын сөөгү көчөдө эле өрттөлүп, көптөгөн ооруканаларда керебеттер жана кычкылтек түгөнгөндүктөн, бейтаптарды кабыл албай жатышат.

Фото: Reuters

Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, учурда Индияда дээрлик 17 миллион жаранга илдет жуккан деп каттоодо турат, 192 миңден ашуун адам каза болгон. Бирок, чыныгы сандар бул көрсөткүчтөргө караганда бир топ жогору.

«Биринчи толкун менен ийгиликтүү күрөшкөндөн кийин биз жеңишке жетерибизге ишенгенбиз, бирок бул бороон элди титиретти» деди Индиянын премьер-министри элге кайрылуусунда.

Би-Би-Си маалымдагандай, Улуу Британия жекшемби күнү Индияга 495 кычкылтек концентраторун, 120 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 20 колго жасалган респираторлорду жөнөттү.

Европа Бирлиги дагы Индияга кычкылтек жана дары-дармектерди жөнөтүүнү убада кылды.