Кыргызстанда электр энергиясынын баасын жогорулатуу маселеси көтөрүлүп, коомдук талкуу жүрүп жаткан учур. Эскерте кетсек, электр энергиясынын бүгүнкү күндө  137 млрд сом, 1,5 млрд доллар карызы бар экени белгилүү.
Өмүрүн энергетикага арнаган, ардагер адис Чоробай Акунов Facebook социалдык тармактагы баракчасына энергетиканын инвестициясы, экономикасы, коррупциясы, кадр маселеси, тейлөөсү тууралуу макаласын жарыялады. Окурмандарга сунуш кылууну туура таптык. Макала өзгөртүүсүз берилди:
«Менин бир иним айткандай светтин баасы эчактан бери экономикалык категориядан саясий категорияга айланып калды. А бензиндин баасы экономикалык базар эрежеси менен келе жатат.
Акыркы он беш жылдан бери Кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдары (ушул жылдарда бир нече жолу атын которду) инфляцияны, жыл сайын баасы өскөн отунду, тыштан алып келген электр жабдыктарды эске алып электроэнергиянын тарифин эсептеп келишет. Бирок кандайдыр себептер менен өкмөткө сунуш менен барганда, жогорку чинде отурган азаматтардан ар кандай шылтоолору менен артка жылдырылып келе жаткан.
Бизде түшүндүрүү иштери начар жүрүп, элге чыныгы абалды айткан эмес. Анткени шылтоолор көп болгон, Президенттик шайлоо өтсүн, Жогорку Кенештин шайлоосу өтсүн ж. б. ушул сыяктуу.
Азыркы сөз болуп жаткан электр энергия тариф саясаты актуалдуу маселелердин бири. Анткени келечекте Кыргыз энергосистемасын сактайбыз десек бул маселеге сөзсүз кайрылышыбыз керек. Кыргыз энергосистемасы жалпы карызы 129 млрд сом деп айтылып жатат. Ал жөн эле келип чыккан жок. Тариф саясатын кечиктирип, энергосистеманы карызга батырып, жылдан жылга станциянын жана электр энергиясын жеткирүү жабдыктарды начар абалга алып келдик.
Биринчиден, чынын айтыш керек, шамал болуп бактын башы кыймылдаса же жаан болсо көмөк чордондору жана абаа чубалгылары эскилигинен, начар абалда болгондуктан өчүп баштайт.
Экинчиден, азыркы убакта электр энергиясынын кубаттуулугу кыш мезгилинде керектөөчүлөргө жетишпей бара жатат. Жаңы кубатттуулуктарды киргизүү үчүн акча каражаты жетишсиз, айласыздан тышкы жактан инвестиция издөөгө туура келип жатат.
Үчүнчүдөн, жыл сайын керектөө 3-4 пайызга көбөйүп жатат. Жаңы көмөк чордондорду, абаа чубалгыларды куруу энергокомпаниялардын эсинде болсо да колунда каражат жок, кагаз жүзүндө каражат сурап иш ошону менен бүтөт.
Төртүнчүдөн, Райондук электр тармагы ишканаларында оңдоп-түзөө иштери көбунчө атайын техника аздыгынан кечиктирилип келет. Өчүп калган убакта бир сааттык иш кол менен кылгандыктан бир нече саатка же бир күнгө созулат. Бул да болсо каражаттын жетишсиздиги. Уланта берсек көйгөй көп, тариф саясаты биздин энергетика системасы үчүн суудай керек. Суусап да бүттүк, тариф маселесин жакшылап эл менен специалисттер менен кеңешип энергетика системасын сугарып койсок, жакшылап гүлдөй баштайт эле.
Энергетика экономикасы
Жыл сайын энергетикалык компаниялар табыгий жоготууларга кабылып келет. Орточо эсеп менен энергетика тармагы жыл сайын 1,5–2 млрд сом жоготуулар менен чыгат.
Акыркы мезгилдерде энергокомпанияларда капиталдык жана орточо ондоолор толук болбойт. Анткени акча каражаты толук жетишпейт. Райондук электр тармактарында көп учурда бир метр зымга, бир изоляторго зар болуп калышат. Көмөк чордону, абаа чубалгылары, станциялар табыгый эскирүүдө, алмаштырууга чет элдик инвестицияны алып жатабыз. Мунун баары келип энергокомпаниялардын карызга батып жатканы.
Инвестиция маселеси
Азыркы мезгилде инвестиция кайда кетти деген масалелер туулат. Санап кетейин, биздин энергосистема учун аябай керектуу инвестициялар аткарылды:
-ПС-500кВ “Тулебердиева” – Талас областын электр энергиясы менен камтылды, мурун Казахстан аркылуу электр энергия келген;
-ВЛ-220кВ Иссык-Куль — Тамга” – Ысык-Көл областынын түштүк тарабында электэнергия берүү сапатын оңдоду, көп керектөөчүлөргө электр энергия берүүгө жол ачты;
-ВЛ-220кВ “Кемин – Ак-Кия” Нарын областына электр энергия берүү сапатын оңдоду, көп керектөөчүлөргө электр энергия берүүгө жол ачты;
-ВЛ-500кВ “Датка – Кемин” – Узбекистан аркылуу транзит электр энергиясын алуудан бошондук. Узбекистан жыл сайын транзит үчүн 30 млн. доллар сурап турган;
-ВЛ-220кВ “Датка – Узловая” – Ош жана Баткен областары көп керектөөчүлөргө электр энергия берүүгө жол ачты;
-ВЛ-220кВ Датка – Кристалл” – Шамалды-Сай ГЭСинде 30мВт жабылып турган кубаттуулуктуу керектөөчүлөргө берүүгө жол ачты;
-ВЛ-220кВ “Датка – Курпсай ГЭС — электр энергия берүү жакшырылды;
-Камбар-Ата ГЭС-2 – кубаттуулугу 120мВт агрегат орнотулуп, Кыргыз энергосистемасына кошулду.
-ТЭЦ г.Бишкек – 2 блок ишке кирип, ар бир блок 150мВт кубаттулук электр энергия жана 150 Гк/час жылуулук энергиясы өндүрүлөт, жалпы электр энергия кубаттуулугу -300мВт, жалпы жылуулук энергиясы – 300Гк/час;
-ПС-220 “Ала-Арча” – Бишкек шаарында керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук алыш көбөйдү;
-ВЛ-220кВ Фрунзенская -Ала-Арча” – Чуй областы жана Бишкек шаары шаары боюнча энергетика коопсуздугу азайды, абаа чубалгысында техникалык жоготуулар азайды;
ВЛ-220кВ “Узловая – Алай”.
ВЛ-220кВ “Алай-Айгуль-Таш”.
Коррупция
Да эл арасында энергетика коррупциясы жөнүндө көп сөздөр жүрөт. Муну эми тийиштүү органдар териштирип өзүнүн вердиктисин берет деп канча жылдан бери көптөн көп күтөбүз. Бирок, ТЭЦ маселесинен башка олуттуу коррупцияны энергетика жаатында сөз бойдон кала берип жатат. Социалдык торлордо энергетиканын абалын билбей, өз очогуна күл тартып ар кандай сөздөр менен өз ойлорун айтып келишет. Бирок негиздуу себептер менен өз оюн айткандар бар. Мисалы канча жылдан бери электр энергиясын автоматташтыруу, контролерлорду эсеп-кыйсапка кириштирбөө боюнча маселелерди карап бөлүштүрүү энергокомпанияларында автоматтык электр эсептегичтерин сатып алышты. Техникалык тапшырмаларга туура келбей , сапаты начар болуп калып, канчасы иште, канчасы иштен чыкты эчким билбейт. Азыркыга чейин тендер маселеси көп сөздөрдү пайда кылат. Көмүр маселеси бир топ суроолорду пайда кылат. Социалдык баракчаларда энергетика тармагы коррупциялуу деп жазып келишет. Ошол үчүн тийиштүү органдар жакшылап териштирип эл арасына ким Ширшов болуп жүрөт айтып койсо жакшы болот эле. Элдин суроолорун канаттандырыш үчүн энергосистемада колл-центр болсо жакшы деп эсептейм.
Энергетика системасын тейлөө
Энергетика тармагы республикада аябай чоң роль ойнойт. Электр энергияны ар бир үйгө же мекемеге жеткириш үчүн канчалык кыйынчылыктар болот. Электр энергиясы, иштеп чыккан станциядан баштап керектөөчүлөргө жетиш үчүн абаа чубалгылары канча тоо, канча бел ашып келет. Аны алып келиш үчүн миндеген энергетик эр-азаматарыбыз суукка тоңуп, ысыкка күйүп иштейт. Дайыма свет болуш учун күнү-түнү диспетчер, инженер, мастер жана электромонтер балдар кызмат кылат.
Кадрлар маселеси
Азыркы учурда биздин энергетика системасы Россия жана Казахстан үчүн энергетиктерди даярдоо борбору болуп калды. Жыл сайын көптөгөн жаш азаматтар Кыргызстан энергетикасында 2-3 жыл иштеп маяна аздыгынан чет мамлекетке кетип жатышат. Биз болсо каражат жоктуктан көптөгөн адистерибизден айрылып кайрадан жаш кадрларды даярдап жатабыз. Биздин институтту бүткөн жаш адистерибиз да кайда кетип жатканы биз үчүн суроо?
Жогорудагыдай энергосистемада абалды карап туруп кантип тариф саясатын колдобой коёбуз. Келечекте үйлөрдө дайыма жарык болуш үчүн колдойлу» — деп жазган Акунов.