Өкмөт массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды.
Андан тышкары, саламаттыкты сактоо министрлиги муфтиятка жума намаздарын жана ооз ачууларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу киргизүүнү сунуштады.
Ошондой эле театр жана кинотеатрларда көрүүчүлөрдү залдын 50 пайызына гана отургузуу маселеси каралууда.
Мындай чаралар коронавируска кабылгандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу.
Эске сала кетсек, бүгүн Кыргызстанда ковиддин жаңы 199 учуру катталып, 2 бейтап көз жумду.