Бүгүн, 26-апрелде КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул жылдын 24-апрелинде КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Тажикстандын элчисине Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстан Республикасынын компетенттүү органдарынын Кыргызстандын 2 жаранын уурдоого байланыштуу укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча кыргыз тараптын тынчсыздануусу жөнүндө нота берилди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нуран Ниязалиев чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган мындай иш-аракеттерге жол бербөө зарыл экендигин белгиледи. Кыргыз тарабы болуп өткөн окуянын жагдайларын тактоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө тажик тарапты чакырды.

Ниязалиев учурдагы бардык көйгөйлөр ынак коңшулук нугунда диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керектигин баса белгиледи.

Ниязалиев кыргыз тарап, мурдагыдай эле, тажик тарап менен биргеликте, чек ара аймактарында Кыргызстан жана Тажикстан боордош элдеринин көп жылдык руханий жана маданий мамилелеринин тарыхына негизделген ынак коңшулукту, туруктуулукту жана достукту камсыздоого багытталган шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.