Бишкек шаарындагы 24 мектептин окуучуларынан коронавирус илдети аныкталып, билим берүү онлайн режимде уланууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашат.

Маалыматка ылайык, 26-апрелге карата борбор калаадагы 14 мектеп аралыктан окутуу режимине өттү. Ал эми 2 бала бакча карантинге жабылды.

Мындан тышкары, шаар боюнча 18 класс аралыктан окутууга өттү. Бүгүнкү күндө 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61-мектептер билим берүүнү онлайн режимде улантууда.