“Манас” эл аралык аэропортунда Airbus 220 үлгүсүндөгү жаңы учак тартууланды. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ички жана эл аралык каттамдарды ишке ашыруу үчүн “Манас” аэропорту өзүнүн күчү менен жаңы типтеги AirbusА220-300 учагын алуу боюнча долбоорду илгерилетүүдө.

Иш-чарага транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева, Airbus авиакурулуш мекемесинин өкүлү Пратт энд Витней, Жарандык авиация агенттигинин, “Манас” аэропортунун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Гүлмира Абдралиева көрүлгөн аракеттердин бардыгы Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу экендигин айтат.

“Ошондой эле “Манас” авиакомпаниясынын жетекчилигине жана өкүлдөрүнө авиакомпаниянын паркын жаңыртууга, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем”, — дейт министр.

«Манас» аба майданы тараткан маалыматта, “Мындай жогорку үлгүдөгү авиалайнерди эксплуатацияга алуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү иш-чара. Анткени акыркы жылдары жарандык авиация аксап жаткандыктан тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылып келет. Элдин да сапаттуу авиациялык тейлөөгө муктаждыгы күн санап өсүүдө»,- деп жазылат.

«Airbus» учагын башкарууну үйрөнүү үчүн «Эйр Манас» компаниясынын экипажы жана техникалык кызматкерлери Германиядан окуп келишкен.