Президент Садыр Жапаровдун телеграм-каналын анын фанаттары иштетет. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс-катчысы Галина Байтерек билдирүү жасады.

«Анын бир эле каналы бар, ал — «Кыргыз Республикасынын Президенти» деген. Ал эми президенттин пикири жана кандайдыр бир схемалар жарыяланган учурдагы каналга келсек, аны Садыр Жапаровдун өзү эмес, фанаттары жазган. Учурда IT-адистер каналга кирүү мүмкүнчүлүгүн жок кылуу үчүн каналды ким иштетип баштаганын табууга аракет кылууда»,- деди Байтерек.

Кошумчалай кетсек, Садыр Жапаров жер жана энергетика маселеси боюнча пикирин айтып, 15 жылдан бери топтолгон оор энергетикалык кризистен чыгуу үчүн реформалар керек экени жазылган билдирүү анын атынан ачылган телеграм каналында жарыяланган:

«Туура түшүнүңүздөр, бай-кедейге бөлгөн эч ким жок, болгону мүмкүнчүлүгү бар, жашоо-шарты жакшы, жетиштүү үй-бүлөлөр аз камсыз болгон жарандарыбызга жеңилдиктерди түзүп, ал арада мамлекеттин кризистик абалын да чогуу жеңип чыгуу мамлекеттин реформалуу багыты деп билели», — деп жазылат.