Мындай үндү мен эч укпагам. Акырын басып барсам жеңем…
Неберем, түркүн ойго чөмүлө, ичинен бир нерселерди булдуруктап ширин уйкуга кетти. Быйтыйган алаканы менен менин жаагымды кармап алган. Ал күн сайын ушинтип менин бетимди кармап уктайт. Качан гана колдору тердеп, бетим ачышып баштаганда акырын колун алып төшөктүн ичине катып коем.
Бала да байкушум, башымдан өткөргөн күндөрдү айтып берем, ал жомок деп угат…
Бирок, мезгил өтүп ошол мен көргөн күндөр жомокко айланды да калды. Азыр эч ким айтпайт, бир кезде жеңесинен жеме угуп, кышкы суукта булактан суу ташып, тайгаланып кулап, сууктан беттери кыпкызыл болуп тоңуп чыккан өспүрүм кызды.
Жеңем алгач келин болуп келген кезинде, койдой жоош эле. Качан гана апам каза болуп, үйдө акем үчөөбүз калганда көрбөгөн күндү көрсөттү го. Апам байкуш мени аяп көп жумуш жасатчу эмес, сөөгүң ката элек оор көтөрбө деп айтып турат эле. А жеңемди менин абалым кызыктырып да койчу эмес. Көрсө акеме өчөшүп, өчүн менден алчу окшойт.
Апам каза болгон соң, акем көп иче баштаган. Жеңем улуу кызын төрөп, үйдө отун жок, эптеп тезек жагып үй жылытчубуз. Кээде таза кургабаган тезектер күйбөй быкшып түтөп тура берет. Үйдүн ичи, кийимдер ыштын жыты жыттанып калчу. Жай келгенде мага жыргал эле. Жеңемдин жемесинен качып ойноп кетер элем. Бирок кечинде үйгө келгенде, чучукка жеткен сөздөр менен санымдан оюп чымчып чыгарып ала турган.
Эсимде, бир ирет оюнга алаксып кыздар менен таштан үй куруп ойноп кеч келдим. Кашайып торпок энесин ээмип салыптыр. Ошондо жеңем көзүндө огу болсо ата турган болуп, аябай зекиген.
— Мен сенин кириңди жууп, тамагыңды жасап карасам. Сен жүрөсүң ойноп, талаалап. Канча айтам сага уй менен чогуу үйгө кел деп. Эми балага сени саап ичиремби?! Тажаттың байкең экөөң! Аз келгенсип энеңерди жеп бүттүңөр! — деп кыйкырып, албууттанып укмуш сөздөр менен тилдеп кирди.
7-класска жаңы көчкөндө үй иши бүт эле менин моюнума жүктөлдү. Кир жуумай, камыр жууруп нан жапмай, уй саап мал карагандан баштап баарын мен жасайт элем.
Аталуу жетим армандуу жетим, энелүү жетим эрке жетим болуп апамдын көзү тирүүсүндө эч нерсе капар албай жүргөн экенмин. Кээде жеңемдин уу тилине чыдабай, жашынып “апа мени жаныңа ала кетчи” деп ыйлайт элем. Мен курактуу кыздар, жигиттерден кат алып, сыланып сыйпанып калган кезде, мен кара жумуштан бошобойт элем.
Акем кээде мас болуп, таңка тебелесе билбей тургандай абалда уктачу. Жай күндөрүнүн биринде акем адатынча мас келип уктап калды. Жеңем сүйлөнүп, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып кобуранып жатты. Кечке тынбай чарчап, башым жаздыкка тиер менен уйкуга кеттим. Түн бир оокумда акемдин “суу” деген үнүнөн ойгондум. Бир тууганым эмеспи, банкага суу алдым да акеме беридим. Акем башын араң көтөрүп тое ичти да кайра уйкуга кетти. Эмнегедир жеңем жаткан жер бош туруптур. Ажаатканага барып келип жатайын деп эшикке чыктым. Сарай тараптан бир кызыктай үн чыгып жатты. Мындай үндү мен эч укпагам. Акырын басып барсам жеңемдин үнү экен. Ал жалгыз эместей, дагы бир эркектин үнү чыгат. Аларды аңдып баратып кол жууган кумган кай жерден келген билбейм, бутума тийип калдыраган бойдон бир метрдей учуп барып түштү. Жанагы эки караан өйдө болду да, бирөөсү дубалдан ары секирип караңгыга сиңип кетти. Жеңем сүйлөнгөн бойдон “сенин айыңдан мага жашоо жок экен да, көргөнүңдү бирөөгө айтчу болсоң өпкөңдү гана үзөм жетим, тур жат ордуңа”, деп желкемден оюп алды. Ошол күндөн тартып тарткан азабым көбөйө баштады. Кээде качып кетсемби деп ойлоп, кайра коркуп кетет элем. Кайда барам, кимге барам. Жеңем айткан уурулар алып кетсечи деген ойлор келе турган.
Биздин үйдүн артында кошуна эже бар аты Алтынай. Мага боору ооруп анда-санда чакырып тамак берип, жакшы сүйлөп, апам менен өткөргөн күндөрүн эстеп жаш төгүп калар эле. Бой жетип, мектепти бүтүргөндө дал ошол Алтынай эже, өзүнүн бир тууган эжесинин баласына ала качты кылып, мени келин кылып алып берди.
Кара кыздын агынан эмес багынан деп, бактыма барган жерим жакшы чыгып, кайынэнем байкуш кылган кызматыма ыраазы болуп алкап турчу. Жылуу сөз сүйлөсөң жылан ийинден чыгат деп, жалаң жемеде жүрүп, жалтак болуп калган жанымды, кайынэнем түшүнүп, билбеген нерсемди акырын айтып түшүндүрүп үйрөтө турган.
Тун уулум төрөлгөнчө артыман бирөө издеп келген жок. Балалуу болгондо кантсе да бир боорлорум, акемдин кыздарын сагынып көргөнү бардым. Жеңем ушунчалык мени көрүп таң калды. Ачыгын айтканда таң калды эмес, ичи тарыды. Башыман ылдый бир карап, кайынэнем бар үчүн гана калп күлүп сүйлөп узатты. Ошентсе да кээде жеңеме ыраазы болуп кетем. Үй ишине тың кылып өстүргөн.
Азыр мынтип убак өтүп небер жыттап отурам. Адам баласы, ачты-токту, жокчулукту көрүп өмүр сүрөт экенбиз. Балким, телегей тегиз болсо жашоо азыркыдай жомокко айланбай, кызыгы жок болуп калар беле….