КР Эл акыны Сагын Акматбекова, акын Калчоро Көкүлов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбековдор 3 күн бою Ош шаарында калемгерлерге мастер-класс өтүшөт.

Бул иш-чара КРУЖС Ош бөлүмү, Ош шаардык мэриясы, “Жигер” чыгармачылык жаштар борбору тарабынан КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын 20 жылдыгына карата Ош шаарында өткөрүлүп жаткан поэзия күндөрүнүн алкагында уюштурулууда.

3 күн бою өтө турган ыр майрамга Бишкек шаарынан жыйырмага жакын жаш таланттар келип катышууда. Бул саамалык акын Улукбек Омокеевдин демилгеси жана КРУЖС Ош облустук бөлүмүнө төрага болуп шайлангандагы алгачкы иш-чарасы.

Поэзия кечелердин, окуу-семинар, мастер-класстардын жүрүшү тууралуу алдыда дагы кенен маалымат берип турабыз.

 

Булак: http://adabiyat.kg/