Нарын облусунун Кочкор районунун Бугучу айылындагы жаңы мектептин курулушу 2021-жылдын май айында бүткѳрүлѳт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда объекттин даярдыгы 95%ды түзөт. Подряддык уюм тарабынан аймактын ички жасалгалары жана көрктөндүрүү боюнча иштер аяктоодо.

Белгилей кетсек, жаңы мектеп 150 окуучулук орунга эсептелген, анын сметалык наркы 690 063 АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күнгѳ Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен 493 миң 324 доллар каржылады.

Мектептин жаңы форматта курулууда.