Аламүдүн-1 районунда түнкүсүн эшиги жабык болгон батирде ыйлаган баланы Бишкек шаардык куткаруу кызматынын кызматкерлери куткарышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлады.

“112 куткаруу кызматына түнкү саат 02: 58де Аламүдүн-1 районунда жашаган тургундун кошуналарынан чакыруу келип түшкөн. Аларды эшиги жабык болгон батирдин ичинде ыйлап жаткан бала тынчсыздандырды. Тез арада жеткен Бишкек шаардык куткаруу кызматынын кызматкерлери, милиция кызматкерлеринин жана кошуналарынын катышуусунда, эшикти ачып беришти. Батирде 2 жашар бала болгон. Баланы медициналык жардамга муктаж эместигине ынандыргандан кийин, куткаруучулар аны полиция кызматкерлерине өткөрүп берген, окуянын чоо-жайын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери иликтеп жатышат”, — деп айтылат маалыматта.