Премьер-министр Улукбек Марипов эки баланы жалгыз тарбиялап жаткан эненин абалынан кабар алып, алар менен чогуу ооз ачты. Бул тууралуу өкмөт башчы Фейсбуктагы баракчасына жазды. Өкмөт башчы ар бир эне өзгөчө балдар мамлекеттин жана коомдун колдоосуна муктаж деген пикирин айтат.

«Эки баланы тарбиялап жаткан Сонунбү Сатарованын абалынан кабар алдым, балдарынын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Ар бир эне өзгөчө балдар мамлекеттин жана коомдун колдоосуна муктаж. Биз бири-бирибизге көтөрүмдүү болуп, муктаж болгондорго жардам берип, сабырдуу жана сый-урмат мамиледе болушубуз керек.  Боорукердик жана мээримдүү мамилебиз биздин адамдык бийик сапатыбызды арттырып, күчтүү кылат.  Балдарыңыз оорубасын, алар акылдуу болуп өсүп жана сизди ийгиликтери менен кубандырсын.

Үйдүн кожойкеси өз көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Анын 8 жаштагы кызы бюрократиялык тоскоолдуктардан улам али мектепке бара элек.

Сонунбү Сатарованын кызы үчүн мектепте окуу маселеси чечилгенин жана 1-сентябрдан тарта ал мектепке бара ала тургандыгын айттым, материалдык жана социалдык абалына карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары билим алууга бирдей мүмкүнчүлүгү бар.

Ыйык Рамазан айында Сонунбу Сатарованын үй-бүлөсү менен биргеликте ооз ачар өткөрдүм.

Үй-бүлөгө жардам көрсөтүп, аларга ден-соолук, күч-кубат жана узак өмүр кааладым», — деп жазат өкмөт башчы.