Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавирустук кырдаалга байланыштуу 29-апрелден 17-майга чейин өлкөдө локдаун киргизилгенин жарыялады.

Ошентип, 29-апрелде саат 19: 00дөн 17-майда эртең мененки саат 05: 00гө чейин толук жабылат.

Полиция тарабынан өзүнчө көрсөтүлгөндөн башка бардык кеңселер, жумуш орундары жабык болот. Шаар аралык саякаттар милдеттүү уруксат менен жана 50% элди толтуруу менен жүргүзүлөт.

Эрдоган буга чейин киргизилген коменданттык саат ушул күндөрү тынымсыз иштей тургандыгын белгиледи. Тамак-аш өндүрүшү жана саламаттыкты сактоо тармагынан башка бардык жумуш орундары убактылуу токтотулат. Базарлар жекшемби күндөрү жабык болот жана башка күндөрү белгилүү бир убактарда иштей берет.

Күндүзгү окутуу бардык билим берүү мекемелеринде, анын ичинде бала бакчаларда токтотулуп, бардык экзамендер кийинкиге калтырылат.