Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Касмалиев Усеин Турсунбекович коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

У.Касмалиев 39 жашта болчу. Ал 1981-жылы Нарын шаарында туулган, үй-бүлөлүү, 4 баласы бар.

“Ал 3 жогорку билимдүү эле жана ар бир диплому артыкчылык менен алынган. Ал мамлекеттик кызматтын кеңешчиси, муниципалдык кызматтын биринчи класстагы инспектору болгон. Бишкек шаардык мэриясы жана билим берүү башкармалыгынын жамааты Усеин Касмалиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”,-деп айтылат мекеме берген билдирүүдө.