Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап жаңы Конституция жана жаңы мыйзамдар менен жашай баштайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров КТРК телеканалына берген маегинде билдирди.

Жапаров ушул жума БШК Конституция боюнча жыйынтык чыгарышы мүмкүндүгүн айтат.

“Жыйынтык чыккандан кийин Баш мыйзам күчүнө кирет, бирок бардык мыйзамдарыбыз эки ай ичинде кабыл алынып бүтөт. Депутаттар каникулга кеткенге чейин бүтөт деп ойлоп жатам. Бардык мыйзамдарды Конституцияга дал келтирип даярдап койдук. Жогорку Кеңешке 17 пакет мыйзам кирет. Аны кабыл алгандан кийин 1-июлдан баштап жаңы Конституция жана жаңы мыйзамдар менен жашай баштайбыз”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-апрелде Кыргызстанда жаңы Конституция боюнча референдум өтүп, шайлоочулардын көпчүлүгү жаңы Баш мыйзамга “макул” добушун берген.