Садыр Жапаров АКИpress агенттигине маек берип жатып, учурда камакта отурган мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев тууралуу  пикирин билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, Атамбаевдин ишин сот чечет.

“Аны сот чечет. Ага кызыккан да жокмун, убактым да жете элек. Менин билишимче, Кой-Таш окуясы боюнча жана Батукаев боюнча соту жүрүп жатат. Анын качан чыга турганын сураган да жокмун. Аны мен эмес, сот чечет”, – деди мамлекет башчысы.