Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-апрелде, Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборунун (БҮРАБ) мисалында балдарды коргоо чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү  маалымдады.

Адистештирилген борбордун директору Чолпон Арыкбаева Мамлекет башчысына төрөлгөндөн 4 жашка чейинки курактагы ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жана жетим балдарды тарбиялап жаткан мекеменин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, буга чейин аталган борбордо 100гө жакын бала болгон болсо, асырап алуу процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында мындагы балдардын саны кыйла кыскарган. Учурда борбордо 24 бала тарбияланууда, мындан тышкары жалпы өлкө аймактарынан келген ден соолугунун жетилишинде өзгөчөлүктөрү бар жүзгө жакын бала реабилитация жана калыбына келтирүү курстарынан өтүп жатышат.

Президент оорукананын имаратын көрүп чыгып, балдарды кыдырып, алардын саламаттыгынан да кабар алды. Ошондой эле калыбына келтирүү жана эрте кам көрүү бөлмөлөрү жайгашкан имарат менен да таанышып чыкты.

Борбордун кызматкерлери балдарды үй-бүлөлөргө жайгаштырууга, бала асырап алуу жана үй-бүлөнү бириктирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган балдарды коргоо жаатындагы реформанын алкагында жасалган иштер жөнүндө айтып беришти.

Мамлекет башчысына балдарды асырап алуу кызматын көрсөтүү боюнча автоматтык маалымат базасы бар электрондук порталды көрсөтүштү.

Бул маалыматтык тутум менчиктин бардык түрүндөгү интернат тибиндеги мекемелерди ичине камтыйт. Ал бала асырап алуунун жол-жобосун кыйла жөнөкөйлөтөт жана анын жардамы менен бала асырап алуу үчүн ар бир адам аралыктан кайрылып, арыз бере алат. Муну менен көптөгөн бюрократиялык жана коррупциялык тоскоолдуктар жоюлат. Бала асырап алуу үчүн арыздарды каттоо Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында электрондук түрдө жүргүзүлөт.

Потенциалдуу бала асырап алуучулар үчүн документтерди чогултуу процесси аймактык бөлүмдүн кызматкерлери аркылуу жүргүзүлөт. Алар «Тундук» ведомстволор аралык электрондук өз ара байланыш тутуму аркылуу тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардан маалымат чогултушат.

Ал жерде Президент борбордун эмгек жамааты менен баарлашып, балдарга кам көрүп жаткандыктары үчүн ыраазычылыгын билдирип, алардын көйгөйлөрүн укту.

Борбордун кызматкерлери Президенттен турак жай менен камсыздоо маселесин карап чыгууну суранышты. Ал жакынкы айларда бардык категориядагы жарандарга ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу жаатында иш-чаралар көрүлөрүн айтты.

Ошондой эле мамлекет башчысы бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын этап-этабы менен жогорулатуу пландары жөнүндө айтып берди.