Ак-Талаада балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгон кишинин сөөгү төрт айдан кийин табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде жергиликтүү тургундардан адамдын жансыз денесин көргөнүн билдиришкен. Маалымат боюнча Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары сууга агып кеткен 28 жаштагы маркумдун жансыз денесин Ала-Буга дарыясынан чыгарып, сөөктү туугандарына өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, Баетов айылынын тургуну М.у.С. 2020-жылдын 27-декабрында Ала-Буга дарыясына балык кармоо учурунда сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы 2020-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 6-январына чейин Ала-Буга жана Нарын дарыяларынын агымын жээктеп, болжол 10-11 чакырым аралыгын 10-15 куткаруучу издөө иштерине тартылган. Ошондой эле Ак-Талаа районундагы №15 ЖТИден дарыянын нугун бурууга 1 даана эксковатору тартылган.

Абанын температурасынын кескин төмөндөп, тоң кеткенге чейин убактылуу токтотулган.

Издөө иштери 17-марттан 20-мартка чейин Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу издөө иштерин улантып, дайынсыз болуп жаткан жаран табылган эмес.